Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер - файл n1.doc

Бартольд В.В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер
Скачать все файлы (9401 kb.)

Доступные файлы (1):
n1.doc9401kb.30.03.2014 06:34скачать

n1.doc

1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   47
^зя




МОҢГОЛДОРГО ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛДЕГИ ТҮРКСТАНДАГЫ ХРИСТИАН ДИНИ ЖӨНҮНДӨ

(Жети-Суу жазуулары туурасында)

[Бартольд, Соч., т. II (2), стр. 265—302]

1886-ж. Жети-Суу аймагында ачылган несториан жазууларынын 20бсы азыр професор Д. А. Хвольсон менен академик В. В. Радлов' тарабынан лин-гвистикалык жактан изилденди жана талданды; бул эмгекке профессор Хволь-сондун Орто Азиядагы несториан дининин таралышы жөнүндөгү макаласы кошо берилип, анда бул тармакта европалык окумуштуулардын жаса-гандарынын дээрлик бардыгы топтоштурулган. Бирок европалык илим-поздордун изилдөелөрү биз чыгыш жазууларынан кездештирген мате-риалдардын баарын эле камтый бербейт. Бизде орто азиялык христиандар жөнүндө бир нече атайын монография бар; бирок алардын бардыгы же уламаларга, же кытай изилдеечүлөргө таандык болуп, көбүнесе Чыгыш Азия-га тиешелүү; мусулман даректерин дале болсо эч ким чогултуп жыйнай элек жана Рашид ад-диндин кераиттер2 жөнүндөгү сөзүнөн башкалары эң сейрек келтирилет. Мына ошондон улам, бул кабарларды чогултуу жана аларды ушул эле өлкөлерге тараган башка маданий элементтер жөнүндегү кабарлар менен салыштырып көрүү артык баштык кылбай тургандай көрүндү3.

Жети-Суу аймагы женүндө эң байыркы маалыматтарды кытайлардан та-бабыз. Батыш Түркстандагы биринчи кытай элчилиги б.з.ч. 140-жылга4 таан­дык, ошондон тартып кытайлардын түркстан элдери менен алакасы б.з. II кылымына чейин созулган, ушул кылымдан тартып алака толук үч жүз жыл-га токтотулган. Жети-Сууда ал кезде көчмөн усун эли жашаган; усундар жөнүндөгү кытай маалыматтарына Караганда, алар маданий өнүгүш даражасы боюнча шаман дининдеги башка кочмөн элдерден айырмаланган эмес деген тыянакка келүүгө болот. Алардын өлкөсүндө жайыттар жана ийне жалбы-

1 Chwolson, Grabinschriften. <Салыштыр: Noldeke, ZDMG, Bd XLIV, S. 520—528.>
Дагы кара: Chwolson, Grabinschriften, N. E; <ошонуку эле, Надписи>. Ошондой эле С. С.
Слуцкийдин (Надписи; К сетиреченскит надписям) жана Ф. Е. Корштун (О турецком
языке сетиреченских надписей) макалаларын салыштыр. <Байыркы түрк несториан
жазууларын изилдее боюнча кара: Малов, Древнетюркская письменность Монголии,
стр. 75—86.—С. К.>

2 Кераиттер Моңголияда Орхондон чыгышта жашашкан, алардын христиан динин
кабыл алышы жөнүнде темөнде кара. Рашид ад-диндин кераиттер женүндегү созүн
биринчи болуп Saint-Martin (Memoires, t. И, p. 280) келтирген жана ошондон бери алар
көп келтирилет.

3 <Орто Азияда христиан дининин таралуу тарыхы боюнча жаңыраак эмгектерден
кара: Nau, L'expansion; Mingana, The early spread of Christianity; Кляшторный, Суджин-
ская надпись,
стр. 168—169. Башка диндер жөнүнде төмендо салыштыр: Бартольд,
Соч., т. II (2), стр. 272, прим. 53. — Ю. Б.>

4 <Э. Шаванн бул макалага жазылган рецензиясында (RHR, vol, XLV, р. 123) белги-
легендей, В. В. Бартольд эске алган Чжан Цянь батышка б.з.ч. 138-ж. аттанган, андан
кийин хунндарга туткунга түшүп, Орто Азияга, кыязы, 128-ж. келсе керек жана Кы-
тайга б.з.ч. 126-ж. кайтып барган. —Ю. Б.>

19 — 2127

289

рактуу токойлор көп, бирок етө жаанчыл жана суук болгон5. Чыгыш Түркстандан Батыш Түркстанга кеткен башкы соода жолу Кашкар менен Фергана6 аркылуу өткөн, ошондуктан Жети-Суу даты эле маданият кыймы-лынан обочо кала берген7.

Кытайлардын б.з. II кылымынын жарымында токтогон «батыш тарап» ме­нен алакасы V кылымда гана кайта жанданган. Бул мезгилде елкөдө кыйла маанилүү езгерүүлөр болуп еткөн; «Түндүк ордолор тарыхы» боюнча батыш-тагы ээликтер бул мезгилде «бири-бирин жалмап турушкан жана аларда бо­луп өткөн окуяларды айкын элестетүү кыйын»8.

VI—X кылымдардагы кытай тарыхчылары алардан мурункуларга Караганда Орто Азия элдеринин маданияты жөнүнде кыйла көп маалымат беришет. Биз эми өз маанилерин орто кылымдардын аягына чейин сактап келген бири Трансоксаниядагы, экинчиси Уйгурс; гшдагы9 эки маданий борборду көребүз. Биз андан ары Жети-Сууда трансоксания маданияты уйгур маданиятынан кыйла мурда тарагандыгын көрөбүз. Маданий жактан алганда усундардан түндүк-батышта жашаган көчмен юебань эли жөнүндогү маалы­мат кызыктуу. Кытайлар аларды хунндардын урпактары деп аташат жана алардын үрп-адаттары, тили гаогюйлардыкына (уйгурлардыкына) окшош деш-кенине Караганда, алар, кыязы, түрктөр болсо керек; бирок алар бөлөк көчмөндөрдөн таза жүрүшкөндорү менен айырмаланышкан жана бир күнде үч жолу жуунушкан10.

Фергана жана Кашкар аркылуу еткөн мурдагы жол кыска, ьщгайлуу бол­со да, Батыш Түркстандан Жети-Суу аркылуу Чыгыш Түркстанга өткөн жол VII кылымда биринчи жолу айтылат. Соода жолунун алмашылышын ар кан-

5 Бичурин, Собрание сведений, III, 64. Бул «История старших Хандан» (Цянъ-хань-
шу) алынган жана сөзме сөз мындай(Бичуриндин котормосу боюнча): «Жери тегиз жана
оттуу; өлкө ете жаанчыл жана суук. Тоодо ийне жалбырактуу токою кеп. Усундар
дыйканчылык да, багбанчылык да кылышпайт, чөптүн жана суунун молдугуна карай
малы менен көчүп-конуп жүрө беришет. Турмуш жагдайлары хунндарга окшош. Алар­
дын жылкылары кеп, байларьшын жылкылары 4000ден 5000ге чейин жетет. Эли катаал,
ач кез, арамза, дегеле талоончул». Кийинки комментатор <Ян>Ши-гу (VII к.) бута мын-
дай деп кошумчалайт: «Усундардын кебете-кешпирлери Батыш тараптагы башка чет
елкелүктөрдүкүнөн кыйла айырмаланат. Азыркы түрктердүн көк коз, сары сакал, май-
мылга окшоштугу алардын тукумдары экендиги. Вивьен де С.-Мартендин французча
котормосунда (Les Huns Blancs, p. 32) башкача берилет: «Us avaient les yeux bleus (ou
verdatres), la barbe rousse, et assemblaient a des singes, dont ils tiraient leur origine».
Ф. Хирттин немисче котормосу (Ueber Wolga-Hunnen, S. 276) Бичуриндин котормосуна
дал келет.

6 Бичурин, Собрание сведений, III, 63 Щянь-ханъ-шудан): «Сулэ (Кашкар) аркылуу
Даванга, Каңгүйге жана Чоң Юечжиге чоң жол кетет».

7 Усундар акыркы жолу V кылымда эскерилет. Григорьев (Саки, стр. 148) кыргыз-
дардын <казактардын—Ю. Б.> Жунгарияда жашаган уйсун уруусун алардан калгандар
катары карайт, ачардын бир бутагы болгон сары уйсундар өздөрүн бир кездеги күчтүү
чоң элдин урпактары деп эсептешет. Григорьев бул маалыматты Валихановдун мака-
ласынан алган: Очерки Джунгарии, стр. 195. ЗВОРАОнун ошол эле томунда (VIII) Пет­
ровский (К статье «О христианстве в Туркстане», стр. 150) үч кыргыз ордосу азыр
да алчын, аргын жана усун аталаарына көңүл бурат. Радлов (Кутадгу билик, изд. Рад-
лова, I, стр. LVIII, LXXXI) усундарды «батыш түрк уруусу» катары карайт; Аристовдун
төмөнкү кез караштарын: MSOS, Jg. I, Abt. I, 1898, S. 200; <кара: Аристов, Этнический
состав,
стр. 17, 23—26 > жана Паркердин карама-каршы кез карашын (A thousand years,
p. 254) салыштыр: <Усундар жөнүндө толугураак кара: Бартольд, Соч., т. II (1), стр.
26—30, 513—514. —Ю. Б.>

8 Бичурин, Собрание сведений, III, 137.

9 Ошондо эле, 149—158 жана 181—189.

10 Ошондо эле, 163. Ошол эле жерди кыскача берилиши боюнча салыштыр: Ку­
тадгу билик,
изд. Радлова, I, стр. LXI, ошондой эле Hirth, Ueber Volga-Hunnen, S. 274.
Кытайлар юебань деп транскрипциялаган аталыштын жергиликтүү аталышы азыркыга
чейин белгисиз.

290-

дай себептер менен түшүндүрүүге болот. Биринчиден, Жети-Суу бүткүл Орто Азияга жана Чыгыш Европанын бир бөлүгүнө үстөмдүк кылган түрк хандары мекендеген жерге (Алтай жанында) карай кеткен жолдо болгон; мындай көчмөн бийлик ээлеринин ордолору дайыма маанилүү соода түйүндөрү болуп турган. 581-жылдан кийин түрктөр мамлекети экиге белүнүп кеткен; батыш түрктөрүнүн хандары мурдагыдай эле усун ээликтеринде жашашкан11; бул Жети-Сууга соодагерлерди ого бетер кызыктырууга тийиш эле. Акырында, Сюань Цзандын (648-ж.) сөзү боюнча VII кылымда Ферганадагы бир нече он-догон жылдарга созулган коогалаңдар да таасир тийгизиши мүмкүн болгон п. Жаңы соода жолдорунун өтүшү отуруктуу турмуш менен цивилизациянын таралышына таасирин тийгизбей коё албайт эле.

Батыш Түркстандын маданияты женүндөгү эң чын маалыматтар 629-ж. ченде13 бул жерлерде болуп кеткен Сюань Цзанга таандык. Ал Ак-Суудан Теңир-Тоо аркылуу чоң кыйынчылык менен өткөн (кыязы, Бедел ашуусу аркылуу өтсө керек)14; Ысык-Көлдүн тескейин бойлоп өтүп, ал Суй-е (Чүй) дарыясына келген; бул жерде ар кайсы елкөлөрдүн соодагерлери чогулган шаар15 болгон. Андан батышта өз-өзүнчө жаткан шаарлар болгон, алардын ар биринин башкаларга коз каранды болбогон өзүнчө башчысы болгон; бирок бардык башчылар түрктөрге баш ийишкен. Чүйдөгү шаардан Гешуанна16 па-дышалыгына чейин өлкө Сули деп аталган; анын жашоочулары да ушундайча аталышкан, ошондой эле алардын жазуусу менен тилине да ушул аталыш кол-донулган; алфавити 32 белгиден турган17. Алардын тарыхый чыгармалары болгон жана алар бири-бирине китепти түшүндүрүп беришкен; китепти жогортон темой карай окушкан. Элдин сырткы келбети женүндө, алардын узун бойлуу болгондугу гана айтылат; алардын кийимдери пахтадан, жүндөн жана булгаарыдан жасалган; алар көбүнчө чачтарын түйүп коюшат жана төбесүн ачык калтырышат; кээде чачтарын такыр кырдырып, чекелерин жибек чүпүрөк менен байлап алышкан. Алар мүнөздөрүнүн жумшактыгы, калпка, жүзүкаралыкка, сараңдыкка жана ар кандай алдамчылыкка жакындыктары менен айырмаланышат. Байлары аябай кадыр-барктуу болушкан, бирок сырткы көрүнүшторү боюнча кедейлерден айырмаланышкан эмес. Калктын теңи дый-канчылык, теңи соодагерчилик кылышкан18.

Гешуанна падышалыгы (мусулмандарда Саганиан, кытайлар кээде жон эле Шы деп аташкан)19 Самаркандан түштүктө болгон20. Мына ошентип,

11 Бичурин, Собрание сведений, I, 341; Parker, A thousand years, p. 235.

12 Сюань Цзан, пер. Жюльена, I, 17.

13 <Бул макаланын> орусча басылышында жол баяндары жазылган дата—648-ж. деп
туура эмес келтирилген. Сюань Цзандын саякаты 16 жылга созулган (629—645), анын
көбүн ал Индияда еткөргөн. Кара; Жизнеописание Сюань Цзана, пер. Жюльена, стр. VIII.

14 Бул ашуу ошол кезде эле ушундайча аталган (кытайларда «Бада тоосу» <Бо-
да>); Дегинь {Histoire generate des Huns, t. I, pt 2, p. LXV) Хань сулалесинин башталы-
шындагы кытай географтарынын сөзүн келтирет.

15 Бул шаардын жергиликтүү аталышы Суяб болгон (төмендө салыштыр).

16 <Азыркы транскрипциясы—Цзешуанна.>

17 <Жюльендин котормосу боюнча ушундай (I, 13). Билдин котормосунда (I, 27)—
«30 же ошого жакын»; Ю. А. Зуевдики боюнча {Китайские известия, стр. 91),—«ЗОдан
ашык». Э. Шаванндын айтымында (RHR, vol. XLV, р. 124) кытай текстинде «20 там-
гадан ашьж» деп айтылат. Т. Уоттерс боюнча (On Yuan Chwang's travels, vol. I, p. 71) кытайча
тексттин үч басылышында: «болгону 20» жана бир басылышында «30» деп берилет.—Ю. Б.>

18 Сюань Цзан, пер. Жюльена, I, 12—13.

19 Бичурин, Собрание сведений, III, 246—247; Tomaschek, Sogdiana, S. 119.

20 Сюань Цзан, пер. Жюльена, И, 283 — бул аймак орто кылымдагы Кеш, азыркы
Ысар катары каралат. Бул туура эмес аныктоону Петровский эле ондогон (К статье
«О христианстве в Туркестане», стр. 150). Кеш Ысарга эмес, азыркы Шахрисябзга
туура келээри белгилүү. Саганиан же Чаганиан женүндө салыштыр: Tomaschek, Sog­
diana, S. 38; Гешуанна же Кеш (эски формасы—Кисе) женүндө салыштыр: Marquart,
Die Chronologie, S. 56—57.

19*

291

Сюань Цзандын баяны Аму-Дарыя менен Чүйдүн ортосундагы өлкөлөрдүн ма-даний биримдиги женүндө божомолдоого мажбурлайт. Бул маданияттын чордону, кыязы, Самаркан болсо керек; Сюань Цзандын айтканы боюнча Самаркандын жашоочулары ыймандык жана адептүүлүк жактан коңшуларына үлгү болушкан21. Кытай тарыхчыларынын сөздөрүнөн да Самаркандын сая-сий мааниси зор болгондугу керүнүп турат22.

Сюань Цзандын басып өткен жолу, кыязы, «Тан сулалесинин тарыхында» келтирилген жол менен бирдей бол со керек23:

Ысык-Көлден 40 ли батышта Дун шаары болгон. Андан ПО и ли жерде Холе25 шаары турат.

„ 30 „ „ Ечжи26

Өрөөндөн өтүп, Суйшэ-чуань27 дарыясынын чатына жетесиң. Андан 80 ли жерде Фило-цзянь-цзюнь28 шаары турат.

,, 2029 „ „ Суй-е мурдагыдан батышты карай; андан түндүктү карай Суй-е-шуй30 суусу агат. Дарыядан 40 ли түндүктө түрк хакандары жаша-ган Цзедань тоосу бар31.

Суй-еден 1032 ли батышта Миго33 шаары турат.

Андан 30 ли Синь „ „

60 „ Дуньцзянь
50 „ Осуболай34
70 „ Цзюйлань
10 „ Доцзянь35
„ 50 „ Далосе36 (Талас, же Тараз) „ „

Бизге бул маршрутка кайрадан кайрылууга туура келет. Кытай тарыхчылары Трансоксаниянын калкы буддисттер37 дешет; бирок ар кандай элдердин дини жөнүндегү кытай маалыматтары дегинкиси эң ише-

21 Сюань Цзан, пер. Жюльена, 1,19.

22 Бичурин, Собрание сведений, III, 182. Текст («Түндүк Ордолор тарыхынан»)
«Кан күчтүү мамлекет деп эсептелет. Ага Батыш тараптагы ээликтердин чоң бөлүгү
баш ийген, алар: Ми, Шы, Цао, Хэ, Кичи Ань, Нашебо, Унахэ, My». Бул аймактар же-
нүндө кара: Marquart, Die Chronologie, S. 58—64.

23 Андан ары Deguignes, Histoire generate des Huns, t. I, pt. 2, p. LXVI, боюнча так
баяндалган. Ошол эле жол баянын салыштыр: Hirth, Nachworte, S. 72—73. <Бардык
учурларда Хирт келтирген аталыштардын окулушун жана аралыктар тууралуу маалы-
маттарды эске алуу керек; Дегинде (жана ошого ьшайык Бартольддун бул эмгегинин
орусча басылышында) калпыстыктар менен жаңьшыштыктар кетирилген. —Ю. Б.>

24 Хирт боюнча—130.

25 <Азыркы транскрипциясы—Хэле.>

26<Немисче котормодо утундай (Хирт боюнча); орусча бась'лышында «Шэ-чжи» делет. Кийинки эскертүүнү салыштыр.—Ю. Б.>

27 Хирт боюнча «капчыгайдан Суй-е ерөенүнүн чатына чыгасың». менен шэ
бир эле иероглифтин эки башка окулушу, бирок Тан мезгили үчүн е болуш керек (ба-
йыркы окулушу lap; кара: Karlgren, Phonologie, p. 859). —Ю. Б.>

28 Хирт боюнча—«генерал Пэй-лонун шаары, анын орду азыркы Токмок турган
жерге туура келүүге тийиш».

29 Хирт боюнча—40.

30 <Немисче котормосунда (Хирт боюнча) ушундай; орусча басылышында Суй-шэ
жана Суй-шэ-шуй. —Ю. Б.>

31 Хирт боюнча—«адатта хакан он уруунун жол башчысы деп жарыялануучу жер».

32 Хирт боюнча—40.

33 Хирт боюнча—«Ми өлкөсүнүн шаары».

34 <Ашибулай.>

35 Хирт боюнча—Шуйцзянь.

36 <Далосы.>

37 Бичурин, Собрание сведений, III, 183; «Буддага сыйынышат» (Кан елкөсүнүн
калкы женүнде, «Тундук Ордонун тарыхынан»).

292

нимсиз келет; аларда кээде эч жакындыгы жок диндер бири-бирине кошулуп кетет38. Трансоксаниядагы буддизм жөнүндө бизде башка маалыматтар да бар. Ан-Недимдин сезү боюнча бул жерде бутпарастар манихейлерден мурда бол-гон39; Фихристтин башка бир жеринде мындай делет: «Исламга чейин жана байыртада Мавераннахрдын калкынын көбү ушул динди (буддизм) тутушкан (^jMiI ^» j j.^—VI Jc»)40. Бизбул сөздөрденуламТрансоксаниядатүздөн-түз мусулмандар жеңип алганга чейин буддизм үстөмдүк кылган дин болгон де-ген жыйынтык чыгара салаарыбыз кыйын. Сюань Цзан өзү болгон бардык өлкөлөрдөгү бутпарастык ступалар, кечилканалар ж.б. женүндо толук баян-дап берет; Трансоксаниядагы буддизм жөнүнде Аму-Дарыянын жээгиндеги аймактардан башка жерлер тууралуу бир да сөз айтпайт. Сюань Цзандын кы-тайча өмүр баянында41 Самаркандагы падыша менен эл Будда окуусуна эч ишенишпегендиги жана алар отко сыйынышкандыгы жөнүндө так айтылат. Эки будда кечилканасы болгон, бирок алар аңгырап ээн калган; ага баш кал-калаган чет жердик дубаналарды жергиликтүү эл чычалалар менен кубалаш-кан. Сюань Цзан бул жерде буддизмди калыбына келтире алган; падышанын езү ал тарапта болгон; эки кечилканага кайрадан дубаналар толуп алган; бирок анын бир азга созулган иш-аракети бекем таасир калтырышы күмен. Чыгыш Түркстанда индиялык жазма, ал эми Батыш Түркстанда башка бир алфавит таралгандыгы анын баянынан керүнүп турат. Кытай тарыхчылары Чыгыш Түркстанда жана Афганстанда индиялык жазма таралгандыгы жөнүндө айты-шат, ал эми трансоксания жана уйгур жазууларын белгилөө үчүн өзгөчө терминди (ху-шу 'жапайылар жазуусу') пайдаланышат.

Трансоксания жазмасы жөнүндө колубузда ан-Недимдин маалыматы бар, анын сөздөрү боюнча Мавераннахр менен Самаркандын калкы өз китеп-теринде манихей жазмасын колдонушкан42. Персияда жана Рим империясында бирдей куугунтукка алынган ар кандай дуалисттик секталардын жолун жолдоочулар III кылымда эле Трансоксанияга сүрүле баштаган. Алардын көбүрөөгү манихейлер болгон; белгилүү тартипте бекем уюмдашкандыгы да аларга артыкчылык берген; мына ушулардын баарынын аркасында алар үстөмдүк абалга жетишкен. Башка дуалисттерге келсек, дейсанилер Хорасанга жана Кытайга чейин таралышкан, бирок чачыранды жашашып, храмдары43 болгон эмес; Шахристанинин44 айтуусу боюнча маздакилер Самарканда, Шаш-та жана Илакта жашашкан. Алар Сыр-Дарыя менен Чүйдүн ортосундагы өлкеде маданиятты биринчи таратуучулар болушу жана манихейлерден кыйла аз экендиктерине байланыштуу кийин45 алардын таасиринде калуулары толук ыктымал. Буга окшош мисалды мусулман доорунан кере алабыз: Самани-лердин ээликтеринде ханифизм жааты үстөмдүк кылган; бирок мамлекеттин түндүк чет-жакаларында шафииттер46 жашаган, алар, сыягы, коңшу түрктерге исламды алгачкы таратуучулар болушкан. Бул ханифизмге түрк элдеринин арасында үстемдүккө жетишүүгө тоскоолдук кылган эмес. Айтмакчы, биз алдыда маздакилер идеясы Трансоксаниянын калкына узак убакытка жана кыйла күчтүү таасир бергенин да көребүз.

48 Bretschneider, Researches, vol. II, p. 294. 39 Flugel, Mani, S. 105.

40 Фихрист, I, 345,14.

41 Жизнеописание Сюань Цзана, пер, Жюльена, 59—60.

42 Flugel, Mani, S. 166—167. <Орусча басылышында мындай делген: «...ездөрүнүн
диний китептеринде манихей жазмасын колдонушкан, ошондуктан бул жазма дин жаз­
масы деп аталган QjO «Ji)». —Ю. Б.>

43 Ibid., S. 161—162.

44 Пер. Хаарбрюкера, I, 293.

45 <Немисче котормосунда «ошондой эле» (ebenfalls). —Ю. Б.>

46 Макдиси, 323.

ГУ кылымда христиандар ж а п ы р т чыгышка журт которо башташат (айрым миссионерлер, кыязы, аякка мурда эле барып жүрүшсө керек); 334-ж. Мервде христиан епискобу болгондугун керөбүз. Бирок христиандардын кый-мылы дуалисттердин кыймылына Караганда кыйла чакан болгон: перс падышалары христиандарды христиан дини Рим империясында үстөмдүк кыл-ган дин болуп калгандан кийин гана куугунтукка ала башташкан, ошондуктан Батыш Персиянын христиандары (алар, албетте чыгыштагыга Караганда аяк-та кыйла көп болгон) рим ээликтерине оңой качып кете алышкан. Андан тышкары кайырдиндиктин таралышы бардык жерлердегидей эле башка дин-ди үгүттөеге Караганда кыйла катуу куугунтукталган. Буддисттер, христиандар жана марционилер Хорасанга47 баш калкалашкан; дейсанилер, манихейлер жана маздакилер Сасанилер мамлекетинин чегинен чыгып кетүүгө тийиш болушкан. Сюань Цзан трансоксания жазмасы сули аталган дейт; мында, кыязы, сирия жазмасы (шури)48 жөнүндө сөз болуп жатса керек. Персияда тараган диндерди тутуучулардын өз алфавити болгондугу, бирок бул бардык алфавиттердин прототиби же негизи сирия алфавити болгондугу бел-гилүү. Араб даректеринен манихейлердин ыйык китептери кобүнесе сирия тилинде49 жазылгандыгын билебиз. Сюань Цзан белгилеп еткөн тамгалардын саны христиандарга Караганда манихейлерге тийиштүү болуш керек. Сириялык христиандардын алфавитинде 22 тамга болгондугу белгилүү; тиргандык Илья грамматик гана отуз тамганы санап чыккан (көмөкөйлүү алты тамганы жана гректердин у менен п тамгаларын кошуп)50. Манихей алфави­ти байыраак болгон; ан-Недимдин айтуусуна Караганда анда тамга араб алфа-витиндегиден көп болгон51; б. а. 28ден ашык болгон. Биздин колубузда Сасанилер доорунда Трансоксанияда христиан дининин таралышы жөнүндө тарыхый изилдөеге негиз болуп бере ала тургандай бир дагы маалымат жок52, болгону божомол гана бар (ал женүндө сөз алдыда), ал боюнча Самарканда VI кылымда эле христиандардын епискобу болгон53.

47 Буддисттер жөнүндө кара: Розен, ЗВОРАО, т. III, стр. 161. Салыштыр: Бируни,
Индия, изд. Захау, 10—11; пер. Захау, I, 21; анда буддисттер «Балхтан чыгыштагы»
жерге кетүүге тийиш экендиктери айтылат. Марционилер жөнүндө Fliigel, Mani, S. 160.

48 Бул сөздүн Кашкардын Сулэ аталышы менен окшоштугу кокусунан эмес, айт-
макчы ал жонүндө Gutschmid (Kleine Schriften, Bd III, S. 280) көрсөтот; ошондой эле
Бундехештин (Tomaschek, Sogdiana, S. 13) Surlk Cl*"Ut^ жана i_5Cjj_^ ) сөзүнө окшош­
тугу да кокусунан эмес. Маркварттын (Die Chronologie, S. 56) Сулик=Согд жөнүндөгү
көз карашьш жана Бартольддун ага каршылыгын (Die altturkischen Inschriften, S. 22,
Anm. 1) салыштыр.

49 Манинин өзүнө 7 чоң чыгарманы ыйгарышкан, анын алтоо сириялык жана би-
реө перс чыгармасы (Fliigel, Mani, S. 102).

50 Nestle, Syrische Grammatik, S. 2.

51 Fliigel, Mani, S. 166—167.

52 Guidi (Ostsyrische Bischofe) басып чыгарган 410—677-жылдардагы синоддорго
катышкан несториан епископторунун тизмесинен трансоксаниялык епархияларды таба
албайбыз. 577-жылдагыда »^Т^О<» (мосул кол жазмасында ушундай) шаарынын епис­
кобу жөнундө айтылат; СиШГбул Самаркан деп божомолдойт; бирок рим кол жазма­
сында ^_т=оо жазылган. .toioiia шаарынын, кыязы, соңку Мерверруддун (азыр Мур-
габдагымПгручак) епискобу жөнүндогү кабар (553-жылдагы) кызыктуу; (<бул мака-
ланын немисче котормосу басылып чыккандан көп етпөй В. В. Бартольд Мерверруд
Меручактын ордунда эмес, азыркы Бала-Мургабдын ордунда болгон деген тыянакка
келген; кара: Бартольд, Мерверруд. —Ю. Б.>). Бул епархия женүндө башка кабарлар
бизге белгисиз.

53 <Буддизм, христиан жана манихей диндеринин араб жеңип алууларына чейин
Орто Азияда таралышы жөнүндө кара: Беленицкий, Вопросы идеологии и культов Сог-
да, стр. 36—52. Манихей дини жөнүнде акыркы эмгекти кара: fflima, Manis Zeit und

Leben. ^Ш—X кылымдарга чеиин Орто Ктавда таралтж ■гь^дат^ xsvq^ Оранский, Введение, стр. 154—163; Gabain, Altturkische Grammatik, S. 9—41. —С. К>

294

п

VIII кылымдагы ар кайсы түрк урууларынын ортосундагы тынымсыз согуштар елкедөгү коопсуздуктун тыптыйпылын чыгарган; кытайлардын ай-туусу боюнча Талас шаарына таандык дыйкандар «соот-чопкутчан жүрүшөт жана бири-бирин туткунга алып кетишет» м. VIII кылымдын башында араб дар Кутейбанын жеңиштеринин аркасындаТрансоксанйяда бекем орношушканы менен өлкөнү биротоло багындыруу кийин, халиф Му'тасимдин (833—842)65 тушунда ишке ашкан. Талас дарыясынын боюндагы салгылаш (751-ж. июль) кытайлардын Батыш Түркстандагы таасирин жок кылган56; кийинки он жыл-дыкта түрк-карлуктар (кытайларда гелолу, арабдарда j^-», «s_«Jj-L) Жети-Сууну жана Сыр-Дарыя аймагынын чыгыш белүгүн каратып алышкан57.

Арабдардын Орто Азия элдери менен соода алакасы VIII кылымда эле баш-талган; Кытайга кеткен мурдагы жолдон башка эми мурда айтылбаган жаңы соода жолу бар экенин керебүз. Кытай даректери боюнча араб соодагерлери Кучадан Енисейдин баш жагына, кыргыздардын борборуна үч жылда бир жолу жибек жүктелгөн кербен женөтүп турушкан; тибеттиктер да ошол эле жолду пайдаланышкан. Жолдо баратканда соодагерлер карлуктардын жеринде өргүп, алардан уйгурлардын58 кол салууларынан коргоочуларды алышкан. Соода жолдорун, кыязы, ар кандай диндердин миссионерлери да пайдаланышкан.

Дуалисттик окуу Трансоксанияда кыйла бекем орногон, ошондуктан дуалисттердин көтерүлүштерүн чоң кыйынчылык менен гана баса алышкан. Котөрүлүшчүлөрдүн жетекчилери коңшу түрктөрдү жардамга чакырышкан; кээде алар бул максат менен көчмендөргө өздөрү барышып, алардын арасында өздорүнүн окуусун таратышкан59. Муканна'нын кеторүлүшү — дуалисттердин акыркы чоң кыймылы 780-ж. ченде басылган; кыязы, аялдар жалпыга таан­дык деп эсептелгенине Караганда анын окуусу маздакилердикине окшош бол-со керек. Муканна' өлгенден кийин анын сектасы жашоосун уланта берген; аны тутунгандар ездөрүн мусулмандарбыз дешкен, бирок намазды да, дааратты да, орозону да таанышкан эмес; аялдар мурдагыдай эле баардыгыныкы бол-гон60. Макдисинин сөзү боюнча алар ак кийим кийип жүрүшкөн жана

54 Бичурин, Собрание сведений, III, 245. Эми немисче котормосун салыштыр: Hirth,
Nachworte, S. 71.

55 Балазури, 431.

56 Бул сапгылаш жөнүндө араб (Ибн ал-Асир, изд. Торнберга, V, 344; Табари менен
Балазури ал жөнүндө сөз кылышпайт) жана кытай (Klaproth, Tableau historique, p. 213;
эми кийинкини салыштыр: Hirth, Nachworte, S. 82) кабарларын билебиз. Карабачектин
макаласында (Das arabische Papier, S. 113) 755-ж. жаңылыш керсөтүлгөн. <Э. Шаванн
белгилегендей (RHR, vol. XLV, p. 124), чындыгында Карабачекте туура дата — 751-ж.
июль көрсетүлген. —Ю. Б.>

57 Бичурин, Собрание сведений, I, 372; Marquart, Die Chronologie, S. 25. Ибн ал-
Асирде (изд. Торнберга, V, 152) карлуктар хижранын 119-ж. (737-ж.) эле Тохарстандын
жанында пайда болгондугу таңкаларлык. Ушул эле кабар Табариде да кездешет, II,
1612; бул, кыязы, карлуктардын өзгечө бир канаты болсо керек (салыштыр: Barthold,
Die altttirkischen Inschriften, S. 27). Ошол эле жерге жакын, бирок Аму-Дарыядан түн-
дүгүрөөк Сюань Цзан (пер. Жюльена, I, 26) си-су (Hi-su) же хо-су түрктөрү жөнүндв
айтат; Томашек {Sogdiana, S. 40) булар гуздар болгон деп божомолдойт.

58 Бул жерде бул элдин, Орхондо жашап, аяктан оз ээликтерин тээ алыскы ба-
тышка чейин жеткиришкен түндүк бөлүгү жонүндо айтылып жатат. Соода байланыш-
тары жөнүндө кара: Бичурин, Собрание сведений, I, 449; Klaproth, Tableau historique,
p. 172; Parker, A thousand years, p. 259.

59 Фихрист, I, 345; Бируни, Асар ал-бйкийа; изд. Захау, 210—211; пер. Захау, 193—
194.

е" Нершахи, изд. Шефера, 73. <Маздакилер менен Муканна'нын жолун жолдоо-чулардагы «аялдардын жалпыга таандык» экендиги жонүндө кабардын мааниси же-нүндө кара: <Бартольд, Соч., т. 11(1), стр. 217, прим. 31. —Ю. Б.>

295

өздерүнүн диний ишенимдери боюнча зиндикилерге61 жакын болушкан. Нершахини которгон (522/1128-ж. которулган) Ахмед ибн Мухаммеддин ту-шунда эле бул секта Кеш жана Нахшеб аймактарында, ошондой эле бухаралык кээ бир кыштактарга тараган62. Афганстандын түндүк жагында жана Аму-Дарыянын баш жагында соңку саякатчылар байкаган кээ бир үрп-адаттарды, мүмкүн маздакилердин идеяларынын таасири катары түшүндүрүүге болот. Эльфинстон күйөөсү аялынын бөлмесүнүн босогосунан бир жуп кепич көрсө кайра тарткан хезарейлер (Түндүк Афганстандагы эл) жөнүндө айтат63; Ах­мед ибн Мухаммед64 да трансоксаниялык кайырдиндер жөнүндө да так ушун-дай кабар берет.

Трансоксанияда ислам кандайча жай тарагандыгын Нершахинин чыгармаларынан жакшыраак көрө алабыз. Исламга байлар өзгечө карты чы-гышкан; кедейлерди арабдар мечитке ар бир киргени үчүн эки дирхемден бергени өзгөчө кызыктырган. Бухарада биринчи чоң мечитти 94/712-13-ж. Кутейба курдурган; бул мезгилде калктын көбүреегү дале болсо динсиз эке-нине карабай 154/771-ж. экинчи мечит курулган65. Исламдын бүткүл Трансоксанияда үстөмдүгү эмнеси болсо да өлкөнү арабдар биротоло каратып алганга чейин башталган эмес; ал эми каратып алуу болсо IX кылымдын орто ченинде гана болгонун билебиз.

Бул мезгилде түрк элдеринин ичинде исламды үгүттөө жөнүндө маалыматтар Якутта66 гана бар. Халиф Хишам ибн Абд ал-Мелик (724—743) түрк султанына67 элчи жөнөтүп, аны ислам динин тутууга чакырган. Элчи султанга мусулман дининин жол-жобосун түшүндүргөн; султан элчинин көз алдында өз аскерин кароодон өткөрүп, тилмечке мындай деген: «Мына бул элчиге айт, булардын арасында чач тарачтар да, темир усталар да, бычмачылар да жок экендигин терөсүнө айтып барсын; эгер алар мусулман болуп, йслам-дын жол-жобосун тута башташса, алар кантип оокат кылышат?» га.

Биз эми бул мезгил үчүн Трансоксаниядагы христиан дини жонүндө му­
сулман маалыматтарынбилебиз. Ан-Недим бир «ишеничтүү күбөнүн» (3 д.. JL.11)

сездөрүн келтирет, анын айтуусу боюнча Согдиананын тургундары дуалисттер жана христиандар69 болгон; бул жерде мусулмандар жөнүнде эч нерсе айтыл-
1   ...   28   29   30   31   32   33   34   35   ...   47
Учебный текст
© perviydoc.ru
При копировании укажите ссылку.
обратиться к администрации